Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» статусу ыйгарылды

  • 4 года мурун

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Азербайжанда, Баку шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын Ккординациялык комитетин түзүү жөнүндө чечими;
  • Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү жөнүндө чечими;
  • Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени жөнүндө чечими;
  • Нурсултан Назарбаевге Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку орденин ыйгаруу жөнүндө Чечими;
  • Түрк кеңешинин башкы катчынын орун басарын жана түрк маданияты жана мурасы фондусунун президентин дайындоо жөнүндө чечим.

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматтыштык кеңешине Өзбекстанды кабыл алуу жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин катчылыгы менен Венгриянын өкмөтү ортосундагы Венгриядагы түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин өкүлчүлүгүнө байланыштуу макулдашууга кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты