​ИИМ Асанов боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди

  • 5 лет мурун

ИИМ Асанов боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди

Vesti.kg маалыматтык агенттигинде Курсан Асановдун иши боюнча жактоочу Икрамидин Айткуловдун комментарийи жарыяланган. Анда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу, ИИМдин жетекчилиги тергөөгө кысым көрсөтүп жаткандыгын, мурда тергөө кызматы анын шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама жөнөткөнүн белгилеген.

Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги бул иш боюнча тергөөгө кандайдыр-бир кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча эч кандай сөз дагы болбош керек. Анткени, Курсан Асановдун иши боюнча иликтөөнү башынан баштап аскер прокуратурасы жүргүзүүдө, -деп билдирди.

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басарына шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдаманы дагы аскер прокуратурасы тапшырган. Ички иштер министрлиги аталган иш боюнча эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзгөн жок, -деди.

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда министрдин талаптарын жана көрсөтмөсүн укпай, өз алдынча чечим чыгарган деп айыпталган.

Курсан Асановдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты