​“Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде”

  • 4 года мурун

15-17-октябрда экс-президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде” аттуу конференция өтөт.

Конференцияга облус активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат.

КР Илимдер академиясынын, маалымат технологиялар жана байланыш мамлекетти ккомитетинин, Жогорку технологиялар паркы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, К.И.Скрябин атындагы Агрардык университетинин, Башкаруу Академиясынын окумуштууларынын, “Бай түшүм”, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк, “Мегаком” компаниясынын ийгиликтүү иш тажрыйбалары сунушталат жана мастер класс өткөрүлөт.

Конференциянын катышуучулары дүйнөдөгү санариптик өзгөрүү жана өнүгүү боюнча кеңири маалымат алышат.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты