АКШ Түркияга каршы санкция киргизди

Жаңылыктар

АКШ түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү операциясына байланыштуу Түркияга каршы санкция киргизди.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Президент Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Каржы министрлиги Сириянын түндүгүндөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузууга тиешеси бар Түркиянын каалаган мамлекеттик мекемесине санкция салууга укук алды.

Санкциялар Түркиянын энергетика, коргоо жана ички иштер министрликтерине каршы киргизилди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун белгилешинче, Түркиянын өткөн жумада башталган сириялык күрддөргө каршы операциясы терроризмге каршы күрөш боюнча аракеттерди жок кылып, жай тургундардын өмүрүнө жана жалпы аймактагы туруктуулукка коркунуп жаратууда.

Түркия Сириянын куралдуу оппозициясынын катышуусунда башталган бул операциянын максаты — чек арасын террорчулардан тазалоо экенин билдирүүдө.

Сүрөттө: АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарАКШТүркияСириясанкцияМайк Помпео