«Форум» ишканасын сатып алган деп айтылган Субихи Пархати Вуфуер аттуу жаран кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден «Медиа Форум» ишканасын сатып алган делген Субихи Пархати Вуфуер аттуу жаран кармалды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-октябрда ага эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасын караганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Субихи Пархатиге кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу маалымдалган.

Субихи Пархати Фуфуер аттуу жаран Матраимовдордун ишиндеги Кыргызстандан чыгарылды делген 700 млн доллар боюнча иште да аты аталат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы “Форум” ишканасын 54 млн сомго Субихи Пархати аттуу кишиге саткан. Бул сумма Алмазбек Атамбаевдин кирешеси тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн. Бирок Субихи Пархати аттуу жарандын аны сатып алууга кудурети жетеби деген маселе текшерилген эмес.

Субихи Пархати “Хуасинь” инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү болгон. Бирок ал компания экономикалык жактан активдүү эмес болуп чыккан.

Эдил Байсалов өзүнүн иликтөөсүндө Субихи Пархати аттуу жаран теги уйгур, Кара-Балтада карапайым үй-бүлөдө өскөндүгүн айткан.

Алмазбек Атамбаев мурда тараткан билдирүүсүндө Субихи Пархати аттуу жаран менен кандай байланышы бар экенин билдирген.

-Субихи Пархатини баш прокурор менин бизнес — өнөктөшүм катары көрсөткүсү келип жатат. Ал Сооронбай Жээнбеков тааныштырган «АКА инвест» компаниясынын башчысы Хабибулла Абдыкадыровдун сунушу менен менин компаниямды сатып алган.

Шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбеков аны мага Кытайдын ийгиликтүү бизнесмени катары тааныштырган.

Кыргызстандагы бизнес долбоорлорго ал компаниянын катышын, «АКА инвестке» тиешеси жана Матраимовдордун карым-катнашы тууралуу Сооронбай Жээнбековдон сураш керек,- деген Алмазбек Атамбаев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты