АКШдагы элчилик балдардын эл аралык маданий фестивалына катышты

  • 5 лет мурун

14-октябрда Вашингтон шаарында экинчи эл аралык маданий балдар фестивалы Роналд Рейган атындагы дүйнөлүк соода борборунун имаратында АКШда аккредиттелген чет өлкөлүк 30 элчиликтин колдоосу менен өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Бул иш-чаранын максаты көркөм өнөр, билим берүү жана атайын иш-чаралардын уюштуруу менен ар бир маданияттын байлыгы, ар

түрдүүлүгү жана оригиналдуулугу аркылуу маданият таанытуу болду.

АКШдагы элчилик америкалыктарга кыргыз элинин маданияты, каада-салты, туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди жана жаш балдарга улуттук чүкө оюнун көрсөтүп жана башка атайын иш-чараларды өткөрдү.

Улуттук кийим көргөзмөсүндө кыргыз тарабы иш-чаранын катышуучуларына балдардын улуттук кийим-кечесин тартуулады.

Сүрөттөр: АКШдагы элчилик.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты