​Жээнбеков Назарбаев менен Баку аэропортунда жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине катышуу алкагында Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү.

Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу аземи бүгүн, 15-октябрда, болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышат.

Расмий сүрөт,

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты