​5 млн. долларлык иш үчүн кармалган Мирлан Бегалиев 30- ноябрга чейин үй камагына чыккан

  • 5 лет мурун

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү 14-октябрда ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган.

Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды оффшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган болчу.

Мирлан Бегалиев өзүнө козголгон иш боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты