​Индияда кыргыз тамак-аш жумалыгы өтүүдө

  • 4 года мурун

Кечээ, 13-октябрда, Нью-Дели шаарында «Hyatt Regency-Gurugram» мейманканасында кыргыз ашканасынын жумалыгы ачылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги билдирди.

Маданий-туристтик иш-чара «CD Foundation» фондунун жана «HyattRegency-Gurugram» мейманканасынын көмөгү менен Индиядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Бишкектен келген ашпозчулар Улан Байсырахманов жана Мухтар Батталгазы уулу индиялык конокторду Кыргызстандан алынып келинген

азыктан жасалган кыргыз ашканасынын чүйгүн тамак-аштары менен тааныштырышты.

Катышуучуларга жана конокторго төө буурчактан жана чечевицадан жасалган сорпо, баклажандан жана жашылчадан жасалган гриль салаттар жакты. Айрыкча, бул жерде куурдак, оромо,дымдама ж.б.. тамак мактоого татыйт.

Мындан сырткары бүгүн, 14-октябрда, кыргыз ашканасынын жумалыгынын алкагында дизайнер-модельер М.Саманчиеванын иштерине арналган кече өтөт.

Сүрөттөр: Элчиликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты