​Батукаев боюнча сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы келген жок

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 14-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму улантылды.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы келген жок.

“Сот жана күч органдары бийликтин командасын аткарып жатат, мыйзамдардын талаптарын, ченемдерин одоно бузуу менен. Ошону мен түшүндум. Ошондуктан ал сотко катышууга менин каалоом жок” деп Алмазбек Атамбаев айтканын анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу Жоошевдин айтымында, мыйзамга ылайык айыпталып жаткан киши сотко катышышы керек. Бирок жазык кодексинин 275-беренесине ылайык, айыпталып жаткан киши “сотту менсиз карагыла“ деп жазса, анда, айыпталып жаткан адамсыз, Атамбаевсиз сот отуруму өтсө болот.

Анын жактоочулары сот Атамбаевсиз өтсүн деген өтүнүчүн сотко келтирише турганын билдирди.

Батукаев боюнча 11-октябрда ачылган сот иши Атамбаевдин келбегендигине байланыштуу 14-октябрга жылдырылган.

Бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүүдө.

Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты