Юлия Денисенко: Сириядан кайтып келгендерди реабилитациялоо үчүн универсалдуу ачкыч жок

«Сирия жана Ирактан кайтып келгендерди реабилитациялоо программасы ар бир адамга карата жекече иштелип чыгууга тийиш. Универсалдуу ачкыч жок. Эгер болгон болсо, бүткүл дүйнѳ жүзү боюнча ийгиликтүү колдонулмак» – деп билдирди экстремизге каршы күрѳшүү жана дерадикалдаштыруу маселелери боюнча эксперт Юлия Денисенко CABAR.asia үчүн берген интервьюсунда.


CABAR.asia: Кыргызстан согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан ѳз жарандарын кайтарып алууга байланышкан маселени карап чыгууда. Коом экиге бѳлүнүп калды – кээ бирѳѳлѳр бул туура деп эсептесе, кээлери келип чыгуусу мүмкүн болгон кесепеттерден кооптонууда. Мындай кадамга кандай баа бере аласыз?

Юлия Денисенко: Сириядан кайтып келгендерди реабилитациялоо үчүн универсалдуу ачкыч жок
Юлия Денисенок. Фото: cabar.asia

Жарандарды согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардан кайтарып келүү зарыл, экстремизм жана терроризмге каршы күрѳшүүнүн глобалдык келечегинде Борбордук Азия үчүн мындай кадам абдан эле маанилүү. Биринчиден, бул жерде балдардын эч кандай күнѳѳсү жок. Кээ бир индивидуумдардан тышкары, эл аралык террористтик уюмдардын мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүгү психологиялык зомбулуктун курмандыгы болуп калышкан. Аларга карата колдонулган манипуляциялардын натыйжасында түрдүү шылтоо жана себептер менен жаӊжал аймактарына чыгарылып кетишкен. Булар кырдаалдын барымтасына алынып, анын курмандыктары болуп калышкан. Алардын эмгектери, психологиялык жана физиологиялык мүмкүнчүлүктѳрү одоно түрдѳ колдонулган. Мындай адамдар кайсы бир жерде согуш аракеттери учурунда жандуу калкандын ролун аткарышса, башка бир жерде тылдагы иштерге катышкан. Мындай жумуш үчүн акы тѳлѳнгѳн эмес жана ал жерлерге барганда эч кандай тандоо укугуна ээ боло алышкан эмес.

Экинчиден, «ал жерде жаман, бул жерде жакшы» деп айтуу жетишсиз. Мамлекет бул жашоодо жолдон адашып калган жарандарга чыныгы альтернативаны сунуштайт. Анын үстүнѳ, кеп ой-пикирин эч ким сурабастан алып кеткен балдар тууралуу болууда.

Сѳз болуп жаткан альтернатива – бул олуттуу социалдык жана материалдык жардам, документтерди калыбына келтирүү, дарылануу, жумуш менен камсыз болуу жана кесиптик окуу. Ал жакта алар ачка жүрүшкѳн, кордук кѳрүшкѳн, коркунучтуу айрылууларга жана бактысыздыкка дуушар болушкан, ал эми бул жерде, ѳз мекенинде аларды күткѳн кишилер бар жана дагы бир мүмкүнчүлүк берүүгѳ даяр. Бул экстремизмге жана терроризмге каршы глобалдык күрѳшүүдѳ абдан эле маанилүү. Бирок, мамлекет буларды аткара алабы?

Кесиптештерим жана мен адам тигил жакка баргандан кийин гана туура эмес иш кылгандыгын түшүнүп калган учурларды кѳп эле кездештиребиз. Бирок, ошол эле учурда ал башка дүйнѳдѳ, уюмдун дубалынын ары жагында тиричилик кылууга таптакыр мүмкүнчүлүгү жоктугун, башка барар жери жок экендигин жакшы түшүнѳт. Бул жерде болсо, ага мындай мүмкүнчүлүктү түзүп, туура жашоого коридор пайда кылып беришти.

Мындай адамдардын реабилитациясына ишенбей, каршылык кѳрсѳтүүчүлүк жана криминогендик потенциалга ээ кишилер кайтып келет деп ойлогондор үчүн – айыпсыздык презумпциясы деген юридикалык түшүнүк бар. Күнѳѳсү далилденгенге чейин булар күнѳѳсүз деп эсептелет. Коом муну унуттан чыгарбашы керек.

Кандайдыр бир тобокелдиктер барбы?

Чындыгында тобокелдиктер кѳп. Ички тобокелдиктер бар, ошону менен бирге эле кайтып келе турган аялдар менен балдарга байланыштуу болбогон тышкы тобокелдиктер да бар. Кѳбүнчѳ мамлекетке кѳз каранды. Мисалы, эгер мамлекет бул ишти аутсорсинг үчүн кайсы бир бейѳкмѳт уюмга берсе, бул уюмдун узак мѳѳнѳттүк каржылоо мүмкүнчүлүгү боло тургандыгына, долбоорду башка бирѳѳлѳргѳ ѳткѳрүп жибербѳѳсүнѳ кепилдик барбы? Донорлор грант берген учурда бир эле уюм грантты эки жолу утуп аларына эч кандай кепилдик жок. Бул туруктуулук маселеси.

Дагы бир маселе – адистердин жетишсиздиги. Бул фактор дагы кайтып келгендерге кѳз каранды эмес. Бул – мамлекет менен коомдун кѳйгѳйү, бирок бүгүнкү күндѳ бир дагы жогорку окуу жайында ЭТУга (эл аралык террористтик уюм) түшүп калуусуна себеп болгон социалдык-психологиялык манипуляциялардын таасирине кабылган жарандарды реабилитациялоо боюнча курс ѳткѳрүлбѳйт. Анын үстүнѳ, мунун үстүндѳ психологдор гана иш алып барууга милдеттүү эмес, учурда социалдык, юридикалык багыттагы адистер жок.

Ал эми кайтып келгендердин жеке инсандык ѳзгѳчѳлүктѳрү менен байланышкан ички тобокелдиктер дагы бар. 2016-жылдан бери «халифаттын балдары» деген түшүнүк активдүү жайыла баштаган. Булар чоӊойгондо «башка диндегилерди союп салууга» сѳз берген, туткунга түшкѳндѳрдү ѳлтүрүп, кыйноого алган балдар. Мындай балдардын математиканын ордуна окторду санаганды, дене тарбиянын ордуна аскердик даярдыктан ѳткѳн, сүрѳттүн ордуна араб каллиграфиясын үйрѳнгѳн, адабияттын ордуна доктриналык жоболор менен уюмдун эрежелерин жаттаган балдар экендигин түшүнүү зарыл. Алар таптакыр башка коомдун ичинде жашаган. Ал тургай балдардын кээ бирлери аскер катары да колдонулган. Мындай кѳрүнүш террористтик уюмдар үчүн кадимки эле иш, ал жерде курактык ѳзгѳчѳлүк эске алынбайт. Балдар – абдан пайдалуу согушкерлер, алар оюн катары кѳрүп, согушка катышышат. Жаш бала иш-аракеттеринин кесепетин түшүнѳ бербейт, себеби башка жашоону кѳргѳн эмес.

Бул категорияга кирген балдар кайтып келгенде, алардын биздин коомдо кабыл алынган «балдар» деген түшүнүккѳ кирбей тургандыгын билүү зарыл. Алардын китептери, оюнчуктары болгон эмес. Болсо да, бети кѳрүнбѳсүн деп баштарын жулуп салган оюнчуктар болгон. Балдар менен ишти туура уюштурууга байланышкан кѳптѳгѳн маселелер бар. Бирок баары бир ишке ашыруу керек. Анын үстүнѳ, жогоруда сыпатталган сценарий – ѳтѳ эле сейрек кездешкен кѳрүнүш. Негизинен, ѳлкѳгѳ абдан эле кичине, ал тургай тили чыга элек балдарды кайтарып келишет. Мындай балдар коомго эч кандай коркунуч алып келбей тургандыгы баарыбызга белгилүү.

Сирия менен Ирактан жарандарды кайтарып келүү боюнча коӊшу мамлекеттердин (Казакстан, Ѳзбекстан, Тажикстан) тажрыйбасына карап багыт алууга болобу? Кыргызстанда Европа ѳлкѳлѳрүнүн тажрыйбасын колдонуу мүмкүнбү?

Биз Европанын тажрыйбасын колдоно албайбыз, анткени менталитетибиз башка. Ал тургай инсандын ѳнүгүү деӊгээлин аныктоо боюнча тесттик методикаларды да ала албайбыз. Бизге азырынча пайда боло элек адаптацияланган методикалар керек. Адистерибиз бар, бирок бул ѳтѳ эле узак убакытты талап кылган чоӊ эмгек.

Кайтарып келүү үчүн даяр база азыр дүйнѳнүн эч бир ѳлкѳсүндѳ жок. Европа ушундай эле абалга түшкѳн – адамдарды алып келишти, бирок алардын абалы кандай, алар менен кантип иштешүү керек экендигин бир нече жылдан кийин, башкача айтканда колдонулган программалардан прогресстер байкала баштаганда гана биле алабыз.

Кыргызстан мындай ишке даярбы?

Эчак эле олуттуу даярдыктарды кѳрүп башташ керек эле. Жаӊжал аймактарынан жарандарды кайтарып келүүдѳн мурда канча бала бар экенинин, алардын курактык ѳзгѳчѳлүктѳрүн, кайсы тилде сүйлѳй тургандыгын, сабаттуу диагностика жүргүзѳ турган, мисалы үчүн балдар башка тилди түшүнбѳсѳ, алар менен араб тилинде маектеше алган адистер бар же жок экендигин тактоо зарыл. Тесттерди да адаптациялоо керек, себеби Европанын психологиялык тесттери менен таптакыр башка коомдун ичинде, башка чѳйрѳдѳ, биздикинен айырмаланып турган түшүнүк, идеология менен чоӊойгон баланы диагностикалоо мүмкүн эмес.

Жѳнѳкѳй мисал: баладан адамдын сүрѳтүн тартууну ѳтүнгѳн сүрѳт тести. Бизде мектепке кирип жаткан бала жүзү жок адамдын сүрѳтүн тартса, анда анын жеке инсандык жагында олуттуу кѳйгѳй бар деп эсептелип, психолог жакшы корутунду чыгарбайт. Ал эми Сириядан кайтып келген бала кагаз бетине жүзү жок адамдын сүрѳтүн түшүрсѳ, бул – кадимки кѳрүнүш, жандуу нерселерди тартууга доктриналык жаткан тыюу салынган. Ошондуктан, реабилитациялык борбордо жандуу нерселердин сүрѳттѳрү болбоого тийиш. Балдар бейтапканаларынын дубалдарында куштар, кѳпѳлѳктѳр, балыктар кѳздѳрү, беттери менен тартылган. Кайтып келген балдар үчүн бул маселе бир аз кылдат маселе болуп калат.

Реабилитациялоо процессинин ѳзүн уюштуруу максималдуу түрдѳ маалымат топтоо менен башталууга тийиш, балдарды кайда алып келерибиз алдын-ала белгилүү болуш керек. Эмнеге даяр болушубуз керек экендигин билүү зарыл. Балдарды кабыл алуу үчүн даяр болгон туугандары бар болсо, жакшы, ал эми жок болсо – таптакыр башка маселе. Жетим балдардын саны канча экендигин, реабилитациялоо программасы учурунда алардын жанында ким боло тургандыгын да билүү зарыл.

Мындай кишилер менен иштеше турган кызматкерлер үчүн да реабилитацияга кантип туура таасир этүү керек, канткенде жумшак жана жеӊил ѳтѳ тургандыгы боюнча кеӊеш берүү талап кылынат. Кызматкерлерди, ал тургай ашкана жана тазалык кызматкерлерин да алдын-ала окутуп-үйрѳтүү зарыл. Жумуш учурунда эмне менен кездеше тургандыгын билүүгѳ, ошондой эле укканын, кѳргѳн билгендерин мекеменин сыртына чыгарбоо керек экендигин аӊдап-түшүнүүгѳ тийиш. Бул кайтып келгендерди стигматизациялоо маселеси гана эмес, ошол эле учурда кызматкерлердин коопсуздугуна да тиешелүү.

Реабилитациялык иш максималдуу түрдѳ натыйжалуу болуш үчүн кандайча түзүлүүгѳ тийиш?

Реабилитация деген эмне? Бул командалык иш

Бул командада психологдор гана эмес, согуш аракеттери жүрүп жаткан жерден кайтып келгендер кабылган психикалык бузулууларды диагностикалоо жана алардын үстүндѳ иштѳѳ үчүн психиатрлар да болууга тийиш. Топтун ичинде колдонулган түшүнүктѳрдү билген «сленг» котормочусуна да муктаждык бар. Маселени жакшы билген адис гана бул терминдердин чыныгы маанисин түшүнѳ алат.

Дагы бир маселе – жабыркагандарды кабыл алып, физикалык саламаттыкты калыбына келтирүү үчүн жардам берген медицина кызматкерлери. Дарыгерлердин тизмесине диетологду да кошкум келет, себеби балдар менен аялдар физикалык жактан жабыркаган, алар ачка жүрүшкѳн. Ашказан-ичеги жолдорун калыбына келтирүү үчүн убакыт керек.

Элестетип кѳрүӊүз, адам бир нече жыл бою жападан жалгыз идеология – террор идеологиясы болгон жерде жүрдү. Булар бүткүл дүйнѳ жүзүн террор менен коркуткан уюмдун бир бѳлүгү болуп калган, бир эле учурда ошол эле уюм ѳзүнүн мүчѳлѳрүн да коркутуп, кыйнап келген. Эми болсо, аскер кызматкерлеринин колуна түшүп, лагерлерде, түрмѳлѳрдѳ сотту күтүп жатышат. Лагерлердеги шарт согуш жүргѳн жерлердеги шарттардан айырмаланбайт, ошондой эле ачкачылыкты баштан ѳткѳрүүдѳ. Алардын организми абдан эле начарлап калган. Бирок, мекенине кайтып келгенде кѳӊүлүн ыр-бий менен ачып, алардан мекенчил жарандарды жаратууга болобу?

«Мекенчилдикке адамдын курсагын тойгузган соӊ гана үйрѳтүү керек».

Ар бир кейсти ѳзүнчѳ иликтеп чыгып, программаны да жекече иштеп чыгуу зарыл. Универсалдуу ачкыч жок, эгер болгон болсо, бүткүл дүйнѳ жүзү боюнча ийгиликтүү колдонулмак. Ѳлкѳлѳр экстремизм жана терроризм сыяктуу кѳрүнүштѳрдү жеӊип чыккандыгын биринин артынан бири жарыяламак. Тилекке каршы, мындай сыйкырдуу рецепт жок.

Реабилитациянын ийгилигин кайсы критерийлер боюнча баалоого болот?

Критерийлер инсандык ѳзгѳрүү деӊгээлинде гана болушу мүмкүн. Албетте, бул абдан кыйын, бир нече жыл бою уланышы ыктымал, бул ишке кѳп сандагы адистерди тартуу менен бирге, ири каражаттарды жумшоо талап кылынат.

Хиджабды чечүү сыяктуу кѳрсѳткүч – критерий эмес. Менин тажрыйбамда түрмѳдѳ жаткан аялдар ооба, мен мѳѳнѳтүнѳн мурда шарттуу бошотууга жетүү үчүн бийлейм, ырдайм, баары сыяктуу кийинем, бирок бул жерден чыккандан кийин баары ѳзгѳрѳт деп айткан учурлар болгон. Алар мындай жолго ѳз каалоосу менен барган жок, жѳн гана боштондугу кимдин колунда болсо, ошолорго жагуу максатында жасалган иш-аракет.

«Кийим менен иштѳѳнү токтотуп, ошол кийимди кийип жүргѳн адам менен иштѳѳ керек. Хиджабды чечүү менен экстремизмди жеӊүүдѳ кандай байланыш бар?»

Физикалык жана психологиялык абалдан тышкары, белгилүү бир диний кѳрсѳтмѳлѳр бар экендигин да эске алуу абзел. Мындай кѳрсѳтмѳ, жоболор менен кантип иштѳѳ керек?

Террористтик уюмда жүргѳндѳ киши аналитикалык ой жүгүртүү жѳндѳмдүүлүгүнѳн ажырап калат. Ошондуктан, алгач бул функцияларды калыбына келтирип, жасалма жол менен «токтотулган» мээни иштетип, ага ѳз алдынча ой жүгүртүү жана чечим кабыл алуу үчүн жардам берүү зарыл. Андан кийин гана диний кѳз карашты оӊдоп-түзѳѳ үчүн теолог тартылышы керек. Ага чейин киши диний темаларда баарлашууга даяр болбойт, аларды четке кагууну уланта берет.

Реабилиатциялоо процесси канча убакытка созулат?

Реабилитациянын узактыгы боюнча бирдиктүү критерий жок. Ал тургай дени соо киши бир жерден экинчи жерге кѳчүп барганда, оӊой эле кѳнүп кете албайт. Адам жаӊы климатка, жаӊы тамак-ашка акырындап отуруп кѳнѳт. Жашаган жерди ѳзгѳртүү ден соолукка да таасирин тийгизет. Ал эми мындай абалдагы кишилердин адаптацияланышы абдан эле оор. Реабилитация катаал болбоого тийиш.

Алар келгенде, бул жерге кѳнүп, эс алуусу, курсактарын тойгузуп, уктап алуусу, мына азыр бомбалоо башталат деген коркунучтуу ойдон арылуусу үчүн жетиштүү убакыт берүү зарыл. Мурда ѳз кѳзү менен Түндүк Кавказдагы согушту кѳргѳн кичинекей бала менен иштегем. Апасы таштандыны чыгаруу үчүн кѳчѳгѳ чыкканда, карышып калууга чейин жеткен истерика пайда болчу. Себеби, апасы сыртка чыкса эле, аны ѳлтүрүп кетчүдѳй элестеткен. Бала беш жашта эле. Петардалардын тарсылдаганын укканда, жардыруу болуп жатат деп ойлоп, жашынууга аракет кылчу. Ал тургай лампанын жарыгын да карай алчу эмес, анткени караӊгы жертѳлѳдѳ чоӊойгон. Болжол менен ушундай эле балдар келишет. Бирок туура реабилитациялык шарттарда жакшы натыйжаларга жетүүгѳ болот.

Юлия Денисенко: Сириядан кайтып келгендерди реабилитациялоо үчүн универсалдуу ачкыч жок

Кичине балдарга кам кѳрүү жана мээрим тѳгүү жетиштүү. Аларды жакшы кѳрүп, жакшы мамиле кылсаӊар эле, бул травмалуу тажрыйбаны жеӊип чыгышат. Чоӊдорго деле мээримдүү болуп, аларды колдоо зарыл. Бир эле учурда аларды угууну да, ѳздѳрү түшүп калган алкакты акырындап ачууну да үйрѳнүү керек. Ѳспүрүмдѳр менен чоӊдорду реабилитациялоо жана дерадикалдаштыруу, аларды коомго кайтаруу процесси бир нече жылга созулушу ыктымал. Алар баштан ѳткѳргѳн тажрыйбанын толугу менен жок кылынышына эч ким кепилдик бере албайт – муну мээден чыгарып салуу мүмкүн эмес.

Карантиндик мезгил кишинин абалынын оордугуна жараша болот. Адаптацияга болжол менен үч айга жакын убакыт талап кылынат. Идеалдуу сценарий боюнча мындай адамдар үч ай бою тынч жашоо менен ырахаттанып эс алууга тийиш. Андан кийин команданын ичинде, айрыкча үй-бүлѳнүн командасынын ичинде иштей турган адистер ишке киришет. Кайсы гана адис болбосун, психологдун, теологдун жана башка адистин жумушу бѳлмѳнүн эшиги жабылган учурда аяктайт. Андан кийинчи? Биз аларды күнү-түнү кароо үчүн үйүбүзгѳ алып бара албайбыз да. Тынымсыз кѳзѳмѳлгѳ алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, үй-бүлѳ менен туугандары бар болсо, бул жерде алардын ролу абдан маанилүү. Алар террористтик уюм менен социумдун ортосунда кѳпүрѳ, жол кѳрсѳткүч катары кызмат кылышы керек. Бирок, ошол эле туугандарынын ѳздѳрү да мындай уюмдун ишине азгырылып кетүү коркунучу да бар. Бул маселелер менен атайын кызматтар алектенип, коркунучтарды изилдеп чыгууга тийиш, мындай иш-аракет алардын ыйгарым укуктарына кирет. Ал эми биздин милдет – кѳйгѳйдүн үстүнѳн туугандар менен бирге иштѳѳ. Алар деле ушундай эле коркушат, бул темага байланыштуу кѳптѳгѳн стереотиптери менен кооптонуулары бар, ошондой эле реабилитацияга терс таасирин тийгизе турган каталарды кетирип коюусу мүмкүн. Ошондуктан, аларды да окутуп, үйрѳтүү зарыл.

Мындай адамдар коом тарабынан кабыл алынбай, реабилитациядан кийин деле коом менен толук жуурулушуп кете албай калуусуна байланыштуу коркунуч бар. Бул маселе менен кантип иштѳѳ керек?

«Эгер коом мындай адамдарды кабыл албай койсо, аларга мүмкүндүк бербесе, анда реабилитациялоо аракеттеринин баары теӊ текке кетет».

Жаран кайтып келди, эч жерге жумушка албайт, эч ким аны менен сүйлѳшкүсү келбейт, кошуналары чочулап, андан качышат, балдары менен башка балдар ойнобойт. Мындай абалга туш болгон адам кантип жашайт? Ал кайра шарттуу түрдѳ айтканда аны жакшы кѳргѳн жана баалаган жерге кетет. Мындай тобокелдикке жол бербѳѳ үчүн медиация программалары бар.

Мисалы, Грузияда жүрүш-турушу начар ѳспүрүмдѳр үчүн атайын программа бар. Анда менторлор мындайча айтканда мыйзам менен кагылышкан соӊ кайтып келе турган коомдор менен иштешет. Алар башка жарандар менен иш алып барып, мындай ѳспүрүмдѳрдү четке чыгарып салууга болбой тургандыгын түшүндүрүшѳт. Коом аларды кабыл албай коюу менен кайра эле орго түртүп, кылмыш жолуна багыттайт. Ошондой эле кѳрүнүш кайтып келгендерге да тиешелүү. Бул кѳйгѳйдүн глобалдык жактан канчалык деӊгээлде кооптуу экендигин жакшылап түшүнүү керек.

Реабилитациялоо программасынын негизги бѳлүгү аяктап, адамдар коомго интеграцияланган соӊ, реабилитациянын таасирин баалоо максатында аларды кѳзѳмѳлдѳѳ зарылбы?

Кѳзѳмѳлдѳѳ деген түшүнүктѳн жардам берүү түшүнүгүнѳ ѳтүү керек. Булар эки башка нерсе. Мен мындай жарандарга реабилитация процессинен ѳтүүгѳ милдеттүү террористтик уюмдардын мүчѳлѳрү эмес, реабилитация жана жардамга укугу бар жапа чеккендер макамын берүүгѳ чакырам. Булар таптакыр башка ык-амалдар жана аткаруу техникасы да башка. Муну менен дагы бир тобокелдик байланышкан – адамды мажбурлап оӊдой албайбыз, ал оӊолууну ѳзү каалап, аракет кылышы керек. Ал реабилитациялоо процессинде эмнеге туш болоорун, аны менен ким иш алып бара тургандыгын билүүгѳ тийиш. Тийиштүү түрдѳ маалымдалган макулдугу жок аткарылган иш эч кандай натыйжага жете албайт.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты