Умтул Орозова дүйнөдөн өттү

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова11-октябрда 79 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру Кыргыз ССРинин Эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келип, Москвадагы А.Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун «Комсомольская правда» газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп эмгектенген.

1980-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты