​Казакстанда чыккынчылыкка айыпталган кытай таануучу 10 жылга соттолду

  • 4 года мурун

Алматынын райондор аралык соту мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган окумуштуу, кытай таануучу Константин Сыроежкинди 10 жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сыроежкиндин камакка алынгандыгы тууралуу маалымат ЖМКларда алгач быйыл май айында пайда болгон. Алар өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматына шилтеме кылып, Сыроежкин 19-февралдан бери мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен камакта жатканын жазып чыгышкан. Бирок анда кытай таануучунун иши боюнча башка маалымат берилген эмес.

Wall Street Journal (WSJ) басылмасы 10-июлда жарыялаган макаласында өз булактарына таянуу менен «Сыроежкин акча үчүн Кытайга жашыруун маалыматтарды берген болушу мүмкүндүгүн» жазган.

Анда WSJ Сыроежкин Касым-Жомарт Токаев премьер-министр кызматында иштеп жүргөндө анын Кытай маселелери боюнча кеңешчиси болгонун да белгилеген.

Кытай боюнча алдыңкы адистердин бири катары эсептелген 63 жаштагы Константин Сыроежкин орус, англис жана кытай тилдериндеги миңден ашык макаланын автору. 2006-жылы ал Казакстан президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты