Салянова: «Сегизбаев менин инимдин өлүмүн уюштургандарды колдонгон»

  • 4 года мурун

Кыргызстандын мурдагы баш прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин да сотко чакырылып, суралышын талап кыларын билдирди.

Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, инисинин өлүмүнө байланыштуу ишке дагы бир прокурордун тиешеси болушу мүмкүн деп шек санап жатышат. Анын айтымында, сөз болуп жаткан прокурор Улан Саляновду өлтүрүүгө шектүүлөр менен ага чейин жолуккан. Бирок Салянова ал прокурордун атын атаган жок.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпы үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган.

Абыкулов Москвадан колго түшүп, быйыл май айында Бишкекке жеткирилген. Үчүнчү шектүү, орус жараны Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы августта кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты