Атамбаев Батукаевдин иши боюнча биринчи сот отурумуна эмне үчүн келген жок?

  • 4 года мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишине айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Батукаевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлгөн. Бүгүн, 11-октябрда, кылмыш иш боюнча биринчи соттук отурум башталды. Ага мурдагы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева келди. Ал эми Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан.

«Алмазбек Атамбаев сотко келген жок. Себеби ал мыйзамсыз оюндарга катышкысы келбейт. Мурунку президент бул кылмыш иштин алкагында ага ыйгарылган ролго макул эмес. Себеби мында мыйзам бузуулар бар. Сот ишти кийинкиге жылдырды» деди Слесарев.

Бүгүн, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум бүгүн каралган эле. Анда сот отуруму 14-октябрга жылдырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты