​Жээнбеков Ашхабадга КМШ мамлекет башчылар кеңеш жыйынына кетти

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстанга, Ашхабад шаарына Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына кетти.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Шериктештиктин алкагында кызматташуунун учурдагы маселелери, анын ичинде КМШ мамлекеттеринин стратегиялык экономикалык кызматташуу декларациясынын долбоору талкууланат.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.

Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Беларустагы элчи—КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүл- Эрмек Ибраимов бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан. Ашхабад шаары.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты