Министр Мукамбетов: «Автоунаанын бажы алымдары боюнча жеңилдикти узартканга мүмкүнчүлүк бар»

  • 5 лет мурун

Ташылып келген автонунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Кыргызстанда Евразия экономикалык комиссиясына кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.

Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңеште депутат Таабалды Тиллаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты:

— Берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи азыр ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода-сатыгы бир болуп калды да. Ошондуктан ар бир мамлекет өз автопаркын колдогонго багытталган. Андыктан азыр бул боюнча суроолор болуп атат. Өкмөттө да кеңешип жатабыз. Буюрса алдыга жылабыз.

Мамлекеттик бажы кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт.

Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйүп. Наркы көтөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты