Новосибирскиден кыргызстандык 11 мигрант депортацияланат (Видео)

Новосибирсктеги жапырт мушташтан кийин полиция Хилокский базарынын тегерегинде 200дөй мигрантты текшерип, 30 кишини кармады.

Азыр атайын кармоо жайында 11 кыргызстандык жаран отурат, аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Орусия ИИМинин Новосибирск облустук башкы башкармалыгы билдирди.

Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ 7-октябрда Хилокский базарынын жанында болгон. Мушташтын катышуучулары травматикалык курал колдонгондуктан, бир нече киши жаракат алган. Полиция 30 кишини кармап кеткен.

Базарда жашылча-жемиш саткан кыргызстандыктар акча опузалап жүргөн Тамерлан деген адамдын уюшкан тобуна каршы чыгышкан. Айрым маалыматтарда Тамерландын теги өзбекстандык деп жазылып жүрөт.

Жапырт мушташка байланыштуу полиция “Бейбаштык” жана “Опузалоо” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Беш кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөн, алардын экөө ооруканага жаткырылган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди

Новосибирск шаарынын базарында болгон жапырт мушташка кыргызстандыктар да катышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты