Депутат Тазабек Икрамов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду (Видео)

Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду алып, коло медалга ээ болду.

Мелдеш 8-13-октябрда Грузияда, Тбилиси шаарында болуп өттү.

Тазабек Икрамов 70 кг салмакта күрөшүп, үчүнчү орун үчун мелдеште түркиялык Орхан Тикачты жеңип алды.


ЖаңылыктарТазабек ИкрамовТбилисиардагерлер дүйнө чемпиондугукүрөшколо медаль