​Президент бир катар өлкө элчилеринен ишеним грамота кабыл алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейндин элчилеринен ишеним грамотасын кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы ар бир элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Япония элчиси — Сигэки Маэда, Гана — Саути Яхья Идди, Испания — Давид Артуро Карриедо, Молдова — Андрей Негуца, Шри Ланка — Нурдин Мохаммед Шахед жана Бахрейндин элчиси Анвар Юсуф Абдулла Аль Кыргызстан менен мамилелердин толук мүмкүнчүлүгүн ачууга бардык аракеттерин жумшай тургандыктарын айтты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты