Айдарбеков коопсуздук саясаты боюнча Женева борборунда (GCSP) сүйлөдү

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 7-октябрда жараны жоктор маселеси боюнча БУУнун жогорку деңгээлдеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапарынын алкагында Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борборунун (GCSP) меймандарынын жана угуучуларынын алдында чыгып сүйлөдү.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Ал Борбор Азия регионундагы өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык тармактардагы кызматташуу, региондогу коопсуздук деңгээлин сактоо боюнча болгон өз ара аракеттенүүнүн деңгээли сыяктуу маселелер козголгон.

Мындан тышкары, интеграциялык процесстер, тактап айтканда, Евразиялык экономикалык биримдик, Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Арал деңизин куткаруу боюнча эл аралык фонду ж.б. сыяктуу уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле Кыргызстандын бир катар регионалдык түзүмдөрдөгү төрагалыгына көңүл бурулду.

Иш-чарада Женева шаарындагы дипломатиялык корпустун, жарандык коомдун, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борборунун угуучулары катышты.

Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борбору (GCSP) 1995-жылы негизделген эл аралык фонду болуп эсептелет.

Кыргызстан 2003-жылдан тартып бул уюмдун камкорчулук кеңешинин курамына кирет. Кеңеште бүгүнкү күндө 52 мамлекет жана Женева кантонунун өкмөтү бар.

Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУ бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы туруктуу өкүлчүлүгү иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болду.

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты