Кыргызстан «Түрк дүйнөсү» даректүү тасмалар фестивалында биринчи орунду алды

  • 5 лет мурун

IV Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенти Айдана Топчубаева «Аяна» аттуу фильми менен биринчи орунду жеңип алды.

Кыргыз тасмасы эми фестивалдын алкагында Түркиянын 9 шаарында, аны менен катар 9 өлкөдө көрсөтүлмөкчү.

Быйыл аталган фестивалда түрк тилдүү өлкөлөрдөн 150дөн ашык тасма ат салышкан. Даректүү тасмалар профессионалдар жана студенттер категориясында калыстар тобунун сынынан өткөн. «Аяна» тасмасы студенттер категориясы боюнча жеңиште озуп чыккан.

Аталган тасмада улакчы болууну кыялданган кичинекей кыздын күнүмдүк турмушу чагылдырылган. Айдана Топчубаева бул тасмасын дипломдук иш катары филология илимдеринин кандидаты Г.Станалиеванын көркөм жетекчилиги алдында тарткан.

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалы Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты