Сот залынан качып кеткен киши кармалды

  • 4 года мурун

Быйыл январь айында сот имаратынан качып кеткен адам кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10 айдан бери изделип жаткан кылмышка шектүү адам облус аймагындагы Вознесеновка айылында жүргөн учурунда колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда милицияга каршылык көрсөткөн.

30 жаштагы кылмышка шектүү Октябрь райондук сотунда иши каралып жаткан учурда залдан качып чыгып кеткен.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты