Баткен облусундагы шахтадагы кырсыкка байланыштуу өкмөт жыйын өткөрдү

  • 5 лет мурун

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтадан алты жаран газга ууланып каза болгонун маалымдады.

Анын айтымында, Кадамжай районундагы кырсык шахтанын каралбай калган жана иши токтотулган тилкесинен көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында техникалык коопсуздук чараларына этият мамиле кылбагандан болгон.

Ал эми Лейлек районунда болсо, көмүр казууга лицензия алган компания тараптан коопсуздук талаптары одоно бузулгандан улам үч жаран каза болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгон жарандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты жана жабыркагандарга тез сакайып кетишин каалады.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга кишилердин өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты