​Жарым кылым бир сахнада иштеген Нуржамал Таабалдиеванын кечеси болот

  • 4 года мурун

10-октябрда Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл артисти Нуржамал Таабалдиеванын “Жазым келчи” аталышындагы мааракеси белгиленет.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Нуржамал Таабалдиева Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

1969-жылдан тартып ушул күнгө чейин, 50 жыл бою Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип келет.

Ал кең диапазондуу коңур үнү менен көптөгөн ырларды аткарып, чет өлкөлөрдө кыргыз маданиятынын таанылышына зор салымын кошкон.

Залкар ырчылардын ичинен эл артисти Мыскал Өмүрканованын үнүн, аткаруучулук чеберчилигин жактырып “Мыскал Өмүркановадай ырчы болсом” деп айтылуу ырчынын аткаруусундагы Бектемир Эгинчиевдин “Алымканы” баштаган элдик ырлар “Кызыл гүл”, “Жүрөгүмдөн”, Токтосун Тыныбековдун “Катка жооп”, “Гүлжан”, Осмонкул Бөлөкбаевдин “Таалайлуу элдин бир кызы” аттуу ырларын өзгөчө аткарып келгендиги менен белгилүү.

Нуржамал Таабалдиева Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында 1952- жылы туулган.

Салтанаттуу иш- чара 2019- жылдын 10 -октябрында саат 18:30да башталат.

Сүрөт : Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты