​“Росинбанк” атын өзгөртүп, “Керемет банк” болду

  • 5 лет мурун

“Россия инвестициялык банк» ачык акционердик коому расмий аталышын «Керемет Банк» ачык акционердик коомуна өзгөрттү.

Бул тууралуу улуттук банк билдирди.

Аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу юстиция министрлигинде мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы октябрь айында КР Улуттук банкы аталган банктын 71,66 пайыз акциясына ээ болгон.

Буга банктын алган насыяларын төлөй албай калганы себеп болгон. Кийин улуттук банк «Росинбанк» үчүн 3 миллиард сом салып, жалпы акциясынын 95 пайызына ээлик кылып калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты