​Саясат, шоу, көк бөрү өкүлдөрү жана журналисттер футбол боюнча беттешет

Мультимедиа

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы "Супер-Инфо" гезити жана Super.kg порталы менен бирге эртең, 6-октябрда, "Суперфутбол-2019" турнирин өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.


Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү өкүлдөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда беттешет.

Мелдеште футбол боюнча Кыргыз улуттук курамдын оюнчулары мейман болушат. Турнирди ырчылар концерттик программа менен шаңга бөлөшөт.

Оюндар футбол федерациясынын талаасында өтөт.

6-октябрь, башталышы саат 11:00. Кирүү акысыз.


ЖаңылыктарКыргызстанфутболфутбол федерациясыСупер инфо