Садыр Жапаровду бошотуу боюнча кол топтолуп жатат

  • 5 лет мурун

Садыр Жапаровду камактан бошотуу боюнча коомчулук кол топтоп жатат.

Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында Садыр Жапаровду бошотууга 200 миңдей кол топтолду.

Бошотууну талап кылган баракча Жогорку сотко жиберилет.

Ал эми буга чейин Садыр Жапаровду коргоо боюнча штаб түзүлгөн.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев Жапаровго дооматы эок экенин юилдирген.

Садыр Жапаров өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептээрин айтып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты