Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын Наманган шаарындагы «Легендалар өрөөнү» паркында жаңы орнотулган аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 30-сентябрда болгон.

Парк кызматкерлеринин бири Эля Холикова аттуу кыз жакында эле орнотулуп, сыноо иретинде иштеп жаткан аттракционго уруксатсыз отурган.

Эля Холикова аталган паркта быйыл 1-августтан бери иштеп жаткан.

Наманган шаардык прокуратурасы учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Борбор Азиядагы эң ири көңүл ачуу паркы эсептелген «Легендалар өрөөнү» жайында ачылган.

Быйыл июнда Жизак облусунда аттракциондун кармагычы чыгып кетип, 20 жаштагы кыз мерт болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты