​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?

Грин-Кард 2021 лотереясына каттоо 2-октябрдан тартып 5-ноябрга чейин өтөт. Төмөнкүдө катталуу боюнча көп берилген суроолорго жооптор бар.

Грин-Кард деген эмне?

Грин-карт лотерея программасы 1990-жылы негизделген. Мунун жардамы менен ар жылы болжолу 50 миңдин тегерегиндеги мигрант АКШда туруктуу жашаганга укук алышат.

Бул программаны иштеп чыгууда сенаттагы азчылыкты түзгөн демократиялык партиянын лидери Чак Шумер активдүү роль ойногон. Бул мыйзам долбоору конгресстеги эки партия тарабынан тең колдоого алынып, ошол кездеги президент Буш кичүүсү тарабынан кол коюлган.

Мурдагы СССР курамындагы өлкөлөрдүн жарандары грин-кард лотереясы программасына 1995-жылдан бери катышып келе жатышат.

Маанилүү шарты

Лотереяга катышуу үчүн жарактуу эл аралык паспорт керек. КМШ өлкөлөрү үчүн кадимки ички паспорт, бирок, Россия үчүн чет өлкөлүк паспорт (загранпаспорт) керек. Мындай талап ар кандай көз боёмочулуктан сактоо үчүн киргизилген.

Кайда катталуу керек?

Катталуу бир гана www.dvlottery.state.gov сайтында жүргүзүлөт.

!!!АКШнын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы талапкерлерди грин-кард лотереяга катышуу арыздарын ортомчулардын жардамысыз берүүгө чакырат. Ошондой эле Кыргыз Республикасында көптөгөн сайттар грин кард лотереяга катышуу үчүн арыз берүүгө жардам берүүнү сунуштаганын, бирок алардын бири да грин карта лотереянын уюштуруучусу же АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү болбогонун эскертет.

Катышуу үчүн негизги талаптар:

  • Сиз жашаган өлкө Green Card DV-2021 лотереясына катышууга уруксат алган өлкөлөрдүн тизмесинде болушу шарт. Эгерде тизмеде жок болсо, катышуунун эки жолу бар
  • Эгерде катышуучунун жолдошу же жубайы тизмеге кирген өлкөлөрдүн биринин жараны болсо;
  • Эгерде катышуучунун атасы дагы, апасы дагы баш өлкөнүн жарандары болуп, катышуучу төрөлгөн кезде тизмеге кирген өлкөлөрдүн жараны болуп турган болсо,
  • ошол өлкөнү жашаган өлкө катары көргөзүүгө болот.
  • Лотерея катышуучусунун орто билимт тууралуу документи болушу керек. Эгерде аттестаты жок болсо, окутуунун 2 жылдык узактыгы зарыл кызмат стажы болушу керек.

Сүрөткө болгон талап

  • JPG (JPEG) форматындагы сапаттуу сүрөт болушу шарт;
  • Сүрөт түстүү болушу керек, ак-кара түстөгүлөр жарабайт;
  • Файлдын көлөмү 240 килобайт;
  • Сүрөттүн бийиктиги-туурасы боюнча өлчөмдөрү 600X600 пиксел;
    • Талаптарга жооп берген сүрөттөрдүн мисалдары.

Анкетаны кантип толтуруу керек? Этаптары

  • Паспорттогу маалыматтарды толтуруу:
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?

А) бул жерде фамилиясын гана жазуу керек;

Б) катышуучунун аты;

В) бул графада экинчи аты жазылат(эгерде бар болсо). Кээде катышуучулар бул жакка отчесвосун жазып коюшат, ал ката деп эсептелбейт. Бирок, эгерде жок болсо «No middle name» деген графаны толтуруп коюуга болот.

  • Жынысы:

Керектүү белгини басып коюу керек.

  • Туулган күнү, жылы:
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?

Бул жерде керектүү датаны тандап коюу керек:

  • Туулган жери:
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?

Бул графаны толтурууда туулган жериңиздин учурдагы атын жазуу керек. Мисалы, паспортто Фрунзе деп жазылган болсо, Бишкек деп толтуруу керек.

  • Бул графада төрөлгөн өлкөнү көрсөтүү керек:
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Катышуучунун арызы кабыл алынып жаткан өлкөнү белгилөө керек.
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?— Эгерде төрөлгөн өлкөңүздөн эле катышып жатсаңыз «Yes» белгисин басып эле коесуз;

Эгерде жубайыңыздын же ата-энеңиздин өлкөсүнөн катышып
жатсаңыз «No» белгисин тандап, тизмедеги өлкөдөн тандоо керек;

  • Паспорт-лотереянын
    жаңы талабы;
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Бул жакка баардык
    талаптарга жооп берген сүрөттү жүктөө керек;
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Өтүнмө ээсинин почта дареги;
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Учурда жашап
    жаткан өлкө;
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Эл аралык
    форматтагы телефон номери- (+996);
  • Катышуучуга
    тиешелүү болгон электрондук почта дареги;
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Билим деңгээли:
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?

Primary school
only
— негизги гана билим;

High school,no
degree
— тиешелүү документи жок толук орто билим;

High school
degree
— толук орто билим;

Vocational
school
— орто кесиптик билим;

Some
university courses
— толук эмес жогорку билим;

University
degree
— жогорку билим;

Some graduate
level courses
— толук эмес магистр;

Master’s
degree
— толук магистр;

Some doctoral
level courses
— толук эмес докторантура;

Doctorate
degree
— докторантура.

  • Үй-бүлөлүк абалы;
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?
  • Балдардын саны.
  • ​Грин­-Кардга кантип тапшыруу керек?

Бардык этаптарын толтуруп бүткөндөн кийин катаны бир-нече жолу текшерип коюңуз.

Лотереянын жыйынтыгын кантип билүүгө болот?

Бул жылы толтурулган лотереянын жыйынтыгын 2020-жылы май айында билүүгө болот. Ал үчүн сизге берилген атайын номер аркылуу https://www.dvlottery.state.gov сайтына кирип текшерүүгө болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты