​Батукаевдин иши боюнча Атамбаев, Жолдубаева, Качкыналиев, Раимжановго айып тагылууда

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Бул тууралуу баш прокуратура билдирди.

Баш прокуратуранын билдирүүсү боюнча ИИМдин тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди шектүү деп тапкан.
ИИМ жиберген материалдар боюнча 2-октябрда Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев жана Абдухалим Раимжановго айып коюу актысы берилди.

Андан аркы териштирүүнү Биринчи май райондук соту карайт.

Азиз Батукаев Чүйдүн Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен оор кылмыштар боюнча 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2013-жылы рак дарты менен ооругандыгына байланыштуу деген жүйө менен абактан биротоло бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар кызмат адамдары жогоруда белгилегендей, жоопкерчиликке тартыла баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты