​Кореялыктар кыргыз наватына кызыкты

  • 4 года мурун

Кореяда 27-29-сентябрда, «Чолла-пукто» провинциясында болуп өткөн «Global family festival», «Gimje Horizon festival», «Wanju wild food festival» фестивалдарында Кыргызстан активдүү катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

«Wanju Wild Food Festival» иш-чарасында,чет өлкөдөн бир гана Кыргызстан катышып, элчиликтин жана кыргызстандык активистердин колдоосу менен биздин мамлекетте жасалган органикалык өндүрүмдөр: бал, кыям, табигый өсүмдүк майы, кургатылган жемиштер ошондой эле кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган кийизден жасалган сувенирлер көргөзүлдү.

Коноктор бал жана чычырканак, кара карагаттын, малина жана башка кургатылган жемиштерден демделген чайдан даам тата алышты.

Ошондой эле кыргыз наваты корей элинин кызыгуусун жаратты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты