​Турдакун Усубалиев тууралуу даректүү тасма тартылууда

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эске салгандай, мамлекет башчы белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

«Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейдик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда» деп билдирди министр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты