​Автобус тебелеп кетип каза тапкан окуучунун окуясы иликтенип жатат

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы окуучунун автобустан түшкөндө каза болгондогу окуя боюнча шашылыш жыйын өткөрдү.

Сокулук районунун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусу эл ташыган №18 автобуска тебеленип каза болду.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кечээ кабарлаган.

Кырсык 3-октябрда болгон. Маалыматка караганда окуучу автобустун арткы эшигинен түшүп бараткан. Айдоочу аны байкабастан автобусту айдаганда баланын бир буту эшикке кыпчылып калып, автобустун дөңгөлөгүнө тебеленип калган. Ал ошол жерден мүрт кеткен.

Каза тапкан окуучу Мырза Жумакалиев Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын 5-классында окуган.

Учурда окуя иликтенип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты