​Контейнерлер жана мурунку мончо. Кыргызстандыктар кандай мектептерде окушат?

Баяндар

Кыргызстандагы мектептердин 60%ы 1980-жылга чейинки курулган мектептер, демек алардын ресурсу түгөнүп, капиталдык ремонтту талап кылат деп жазылат “Булан институтунун” анализинде. Айрыкча бул көйгөй айылдагы мектептерде өтө орчундуу болуп турат.

*Материал аудиторияга CABAR.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды.


Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 198 мектеп авариялык абалда. Алардын 17синин акыбалы өтө эле начар. Жакында өткөн өкмөт жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул мектептер боюнча курулуш иштерин тездетүүнү жана каржы маселесин чечүүнү тапшырма берди.

Бирок, авариялык имараттардын көпчүлүгүндө балдар дагы деле окуп жатышат, анткени, башка жолу жок.

Сентябрдын башында Нарын облусунун Кеңеш айылындагы салтанаттуу линейкадагы сүрөттөр социалдык тармактарда пайда болду. Ал жерде алты чиновник контейнерден жасалган мектептин ачылышына катышкан.

Т.Шамбетовдун Facebook баракчасынан алынды.










Кеңеш айылдык кеңешинин жетекчиси Улан Алсеитовдун айтымында, мектеп 2015-жылы эле авариялык абалда деп табылган, бирок, төрт жылдан бери жаңы мектепти куруу маселеси чечилген эмес. 2019-жылы эски мектеп колдонууга толугу менен жараксыз болуп калган, ошондо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү үйлөрүн колдонуп туруу убактылуу чечими кабыл алынган. Бул табигый кырсыктар учурунда убактылуу жашоого бериле турган кадимки эле темир контейнерлер.

“Биз бардык инстанцияларга кайрылганбыз, бирок маселе чечилген эмес. Ар кайсы мекемелер же долбоор иштелип бүтө элек деп айтса, же каражат жоктугун айтып келишти. ММКларда ызы-чуу болуп кеткенден кийин гана мына эми биздин мектепти бүтүрөбүз деп убада беришти. Ызы-чуу токтогондон кийин бизди унутуп калбай, мектебибизди куруп бүтүрүп беришет деген үмүттөбүз”, - дейт Алсеитов.

T-Mediaнын видеорепортажынан

Бирок, Нарын облусундагы бул “контейнер” мектеп Кыргызстанда жалгыз мектеп эмес. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Миялы айылындагы окуучулар 2017-жылдан бери эле контейнерде окуп келишет. Жергиликтүү бийлик бул убактылуу эле көрүнүш деп тургундарды соороткону менен, алиге чейин маселе чечиле элек.

T-Mediaнын видеорепортажынан

Үч жылдын ичинде жаңы мектеп курууга болгону 6 млн. сом бөлүнгөн (86 миң доллардан азыраак).Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгы бул окуу жылы дагы контейнерде өтөрүн, анткени, быйылкы жылдын бюджетинде мектепти курууга акча бөлүнбөгөнүн айтышат. Район боюнча 11 авариялык мектеп бар.

Баткен облусунун Кыштут айылындагы мектеп

Баткен облусундагы 235 мектептин 22си авариялык абалда. Мектептердин көбү тоолуу аймактарда орун алгандыктан, алар типтүү мектеп долбоору менен эмес, “ашар” жолу менен салынган мектептер, тагыраак айтканда, курулушту жергиликтүү тургундар өзү курган. Көбүнчө бул ыкма бат жана арзан куруп бүтүрүү керек болгондо колдонулат.

Аймактагы авариялык мектептердин ичинен Кыштут айылындагы мектеп биринчи орунда турат, ал 1969-жылы курулган. Маңдайынан караганда мектеп канааттандырарлыктай көрүнгөнү менен, башка тарабынан дубалдары урап түшүп жатат, а терезелери болсо эчак эле жок болуп кеткен.

“Полдору чирип кеткен, шыбынан болсо суу өтөт. Ата-энелер балдарын мектепке жөнөтүүдөн коркушат, бирок башка жол жок. Биз дагы кенен, жарык, кооз, шаардагыдай заманбап мектептерде окугубуз келет”, - дейт 11-класстын окуучусу Назира Бабаназар кызы.

Былтыр мектептин дубалдарында чоң жаракалар пайда болгондо жергиликтүү тургундар балдарын мектепке жөнөтпөй коюшкан. Айрымдары балдарын 8 чакырым алыстыктагы башка мектепке которуп кетишкен, мындай мүмкүнчүлүгү жоктор окууну ушул мектепте улантышууда.Бүгүнкү күндө бул мектепке 200 окуучу барат.

Шахабидин Максутов, Кыштут айылынын тургуну: “Мектепке балдарыбызды жөнөтүп жатып дайыма сарсанаа болобуз, акыркы жылдары мектеп имараты жараксыз акыбалга келип калды. Имараттын бардык жерлеринде жаракалар, ал каалаган учурда урап калышы мүмкүн. Жаңы мектеп курулар деген үмүттөбүз, башка жолу жок”.

Мектептин эмгек жамааты 2005-жылдан бери эле жаңы мектеп куруу керектигин айтып, коңгуроо кагып келет, бирок мындан азырынча эч кандай майнап чыга элек. Акыркы жылдары облуста эски окуу мекемелеринин ордуна жаңыларын салып башташкан, бул окуу жылында 4 мектеп эксплуатацияга берилген. Бирок, дагы 17 мектептин курулушу каражаттын жоктугунан улам токтоп турат.

Ысык-Көл облусунда болсо 24 авариялык мектеп бар, алардын алтоо ремонттоого жарабайт жана жаңы мектеп куруу керек. Алардын бири – Түп районуна караштуу Сан-Таш айылындагы Ж.Асылбаев атындагы орто мектеп.

Мектеп 1970-жылы курулган жана ашканасын жаңыдан салууга муктаж. Ал гана эмес, бардык имаратты капиталдык ремонттоодон өткөрүү керек, мындай ремонт бул мектеп курулгандан бери жасала элек. Окуу иштери боюнча директордун орун басары Урмат Ишенбаевдин айтымында, мектепте жел айлантуучу система иштебейт, мунун айынан көк пайда болуп, полдору чирип жатат.

“Полду жамай берип чарчадык, жыртыгы жылдан жылга чоңоюп бара жатат, жанында мектептин китепканасы бар. Полдон абайлап басуу керек, кайсы жеринен түшүп кетерин билбейсиң”, - дейт Ишенбаев.

Мектептин 1-4-класстары окуй турган филиалы – Сан-Таштан 17 чакырым алыстыктагы Каркыра айылында жайгашкан. Бул жерде окуучулар мурунку мончонун имаратында окушат, ал жерде фельдшердик-акушердик түйүн дагы жайгашкан.

Негизги мектепке караганда дагы, филиалдын көйгөйлөрү орчундуу. Төрт бөлмөлүү имарат билим берүүгө такыр ылайыкташкан эмес, бирок айла жок.

Мугалимдердин бири Чолпон Туратованын айтымында, башталгыч класстарда 13 гана окуучу окуйт. Биринчи класста бир бала, экинчи, үчүнчү класстарда үчтөн, төртүнчү класста болсо алты окуучу окуйт.

“Бул жерде 1-3-класстарды жана 2-4-класстарды аралаштырып окутабыз. Сабакты бир мугалим өтөт, 45 мүнөттүн ичинде эки класска эки теманы өтүшү керек. Албетте, бул биз үчүн дагы, окуучулар үчүн дагы аябай кыйын”, - дейт Туратова.

Окуунун мындай системасында мугалимге саатына гана акы төлөнөт, эки эсе оор жумушту аткарганына карабай, бул саат бир класстай эсептелет.

Дене тарбия сабагы жазында эшикте өтүлсө, кышкысын класстын ичинде өтүлөт, анткени, спорт зал негизги мектепте дагы, филиалында дагы жок.

Мектеп дагы, филиалы дагы чек аралаш аймакта деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Кыш бул жерде 7-8 айга созулат, башталгыч класстардын окуучулары “карлик” мектепке жөө барышат. Үч метр бийиктиктеги кар жаап салган учурда дагы балдар мектепти калтырбай окушат.

Бирок мектепте чилде маалында өтө суук болот, эки класска бир орнотулган меш жылытып жетишпей калат, көп учурда ал түтөп класстын эшигин ачып желдетүүгө туура келет.

“Сууктан балдардын колу тоңүп ручканы араң кармап калышат. Класстын ичин жылытыш үчүн жылыткычтарды кошуп сайганга туура келет, бирок ал дагы чыңалуудан улам розеткалар же зымдары күйүп кетет”, - дейт Чолпон Туратова.

Сан-Таш айыл башчысы Орозбек Жапаровдун айтымында, жаңы мектепти куруу маселеси көптөн бери эле турат, бирок жашоочулардын саны аз болгондуктан – болгону 180 адам жашайт, бул көйгөйгө эч ким көңүл бурбай келет. Кайсы бир учурда мындай аз сандагы элге жаңы мектеп куруунун зарылчылыгы жок деген дагы маселе жаралган.

Буга карабай, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан 100 окуучуга ылайыкташкан мектептин долбоордук сметасын иштеп чыгууга каражат бөлдүрүүгө жетишишкен.

“Мектепти долбоорлоо-сметалык иштер бүтүп калды. Бирок, бул али мектеп курулат дегенди түшүндүрбөйт. Биз эми бул долбоорду бекиттирип жана республикалык бюджетке киргизишибиз керек”, - дейт Жапаров.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Орлиное айылынын мектеби 10 жылдан ашык убакыттан бери авариялык акыбалда. Бул мектеп 1970-жылдары катуу жер титирөөдөн кийин административдик имарат катары курулган. Кийинчерээк аны мектепке ылайыкташтырып алышкан.

Мектептин чатырынан суу агат, окуучулар класстарга батпайт. Бирок бул жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фонду мектептин чатырын алмаштыргангабир миллион сом (14,33 миң доллар) бөлдү.

Мектептин авариялык акыбалда экенин ӨКМ изилдеп чыккандан кийин аныктайт. Андан ары жергиликтүү бийлик Өкмөткө жаңы мектеп куруу зарылдыгын билдирип кат жазат. Өкмөт макулдугун билдирген чечим кабыл алса, Мамлекеттик түзүлүш долбоорун иштеп чыгат, Финансы министрлиги акча бөлгөндөн кийин курулуш иштери башталат. Көпчүлүк учурда бул бир канча жылдарга созулуп кетет.

Турак-жай-жарандык курулуш департаментинин (ТЖКД) маалыматына караганда, өлкө боюнча мамлекеттик бюджеттен 252 мектептин курулушу каржыланып жатат. Бирок, каржынын жетишсиздигинен улам курулуш иштери жай жүрүп жатат.

ТЖКДнын жумуштарынын картасында, 35 гана мектеп 70-100% даяр стадиясында экени көрүнүп турат. 2019-жылдын сентябрь айына карата, 15 гана мектептин жана кошумча корпустардын курулушу аяктаган, дагы 12синин курулушун ушул жылдын аягына чейин бутүү пландалып жатат.

Айдана Абдуваитова

Мария Колесникова

Улан Маккамбаев


БаяндарПолитклиникаМектепКонтейнерКабар АзияБилим берүү