​Жээнбеков Түркиянын жогорку кассациялык сотунун баш прокурору Мехмет Акаржаны кабыл алды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Түркиянын жогорку кассациялык сотунун башкы прокурору Мехмет Акаржаны кабыл алды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма соз кызматы кабарлады.

Эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматташуусу тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 17-жыйыны ийгиликтүү өткөндүгүн канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент жыл ичинде түрдүү деңгээлдеги бир катар кыргыз-түрк жолугушуулары жана сүйлөшүүлөрү өткөндүгүн эске салды.

Сүрөт:Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты