​Алтыбаева: «Индиядан келген насвайдын курамында эмне бар?»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-октябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Индиядан акциздик маркасы жок, демек көзөмөлсүз келип жаткан насвай коркунучу тууралуу сөз кылды.

-Колумда аябай кооз оролгон насвай турат. Бул Индиядан, Хинжаб районунун келген. Кооз оролуп, ар бир дүкөндөрдө, супермаркеттерде сатылат. Биз өзүбүздүн тамекинин курамын билбейбиз. Мунун курамын да билбейбиз. Балким мында баңги заты бар.

Жыл сайын Кыргызстанда 6 миң киши бронх-өпкө рагына кабылат. 14-15-жаштагы балдар кальян тартып көргөн.

Бизде кишилердин 45 пайызы тамеки тартат,- деп депутат Алтыбаева насвай, тамеки, спирттик ичимдиктерди пайдалануу коопсуздугуна элдин көңүлүн бурууну депутаттардан суранды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты