«Азаттыктын» кабарчысынын токтотулган иши кайра тергелмей болду

  • 4 года мурун

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковдун токтотулган иши кайра тергелмей болду.

Бул тууралуу 2-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме маалымдагандай, 30-сентябрда Ош шаарынын тургуну кайрадан арыз менен кайрылып, «Исаков ири суммада акча талап кылганы боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүп, күбө катары эки кишини ээрчитип келген».

«Анын арызы кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал Исаков «мага 5000 доллар бербесең интернетке чыгарам, болбосо «Лексус» машинеңди бересиң» деп опузалаганын билдирди» деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.

Милиция билдиргендей, ушундай эле мазмундагы арыз быйыл 4-апрелде катталган, бирок далил жоктугунан кыскартылган.

Ыдырыс Исаков өзү бул арызды жалаа деп эсептейт. Ал 1-октябрда фейсбуктагы жеке баракчасына арыздануучу тууралуу: «Ал бала милициянын полковниги экенин унутуп, каралардын ана башы Кадыр (Женго) Досоновко өкүл бала болуп алган ишкер Жалил Атамбаевдин колунда иштейт. Шефи «Арыз жаз. Кайдан болсо да бирдемени ойлоп тап!» деп артында карап турса кантип баш тартат? Ошондуктан «Ыдырыс акча сурады» деп маалымат берип аткан баланы сөкпөңүздөр. Тилдеп жаман көрбөңүздөр. Жөн гана түшүнүп коюңуздар» деп жазган.

Ыдырыс Исаков — коомчулукта резонанс жараткан бир катар иликтөөлөрдүн, репортаждардын автору.

Быйыл 17-апрелде ал «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Ошондон кийин милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты