Кыргызстан «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө катышат

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Дубай ЭКСПО 2020» көргөзмөсү өлкөнүн келечеги менен дараметин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча экенин уюштуруу комитетинин жыйынында белгиледи.

«Биздин маданий мурасыбыз, салтыбыз тууралуу гана эмес, экономикабыз, инвестициялык климат, туристтик дарамет, IT-чөйрөсү, илим жана билим берүү тууралуу дагы толук маалыматтар болуш керек» деп белгиледи вице-премьер-министр.

«Дубай ЭКСПО-2020» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү Дубай шаарында 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт.

Ал Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб өлкөсүндө биринчи жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болот.

Көргөзмөнүн аймагы 25 миллион кишинин келүүсүнө ылайыкталды – алардын 70% чет элдиктер болот.

Бул ЭКСПОнун тарыхында катышууга чет элдиктердин көп чакырылганы биринчи жолу болууда. Иш-чарага 180 өлкөнүн катышаары күтүлүүдө.

Көргөзмөдө илимий-техникалык өнүгүү (инновация), экономикалык жана укуктук өзгөрүүлөр (экономикалык интеграция), адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык өнүгүү (өз ара түшүнүү) сындуу түрдүү багыттар көрсөтүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты