​Роскомнадзор «Фергана» агенттигинин сайтын бөгөттөдү

  • 5 лет мурун

Роскомнадзор Орусияда «Фергана» маалымат агенттигине бөгөт койду. Басылма өлкөдө жайылтууга тыюу салынган маалыматтарды камтыган булактардын тизмесине киргизилди.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

«Фергана» — Орусияда каттоого алынган, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларды баяндаган басылма. Редакция көзөмөл кызматынан эскертүү албаганын жана бөгөттөөнүн себептерин билбей турганын белгиледи.

Басылмага маал-маалы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө да чектөө киргизилип келген. Учурда Орусиядан тышкары Түркмөнстанда да «Фергана» сайты бөгөттөлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты