Абылгазиев «Центерра» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүү жүргүздү

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы кенге барган сапарынын жыйынтыгында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

«Кумтөр кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселеси «Центерранын» президенти Скотт Перри менен жолугушууда негизги маселелерден болуп талкууланды. Бул салык төлөмдөрүнө, жумушчу орундарды сактоо жана жалпы эле ата мекендик экономикага жакшы таасирин тийгизет. Компаниянын 2020-жылдагы бюджетине геологиялык чалгындоо иштерине 20 миллионго жакын АКШ доллары киргизилди» деди премьер-министр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты