Нарында логистикалык борбор курула баштайт

  • 4 года мурун

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борбор куруу иштери башталат.

Бул вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун Нарын облусунда Кытайдан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Аскаров соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусун өнүктүрө турганын жана 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн белгиледи.

Логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт.

Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт деп болжолдонууда.

Эгер соода логистикалык борбор ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгары айтылууда.

Жолугушууга инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты