​Додон: “Молдова менен Кыргызстандын соода жүгүртүү деңгээли жогору эмес”

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда Ереван шаарында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуунун алкагында Молдова Президенти Игорь Додон менен жолукту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда эки өлкөнүн мамилелеринин абалы жана келечеги талкууланды.

Жээнбеков мамлекет диалогду активдештирүүнү сунуштап, Игорь Додонду Кыргызстанга расмий сапар менен чакырды.

Ошондой эле кыргыз тараптын айыл чарба продукцияларын Европа Союзунун рынокторуна жылдыруудагы Молдованын ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун билдирди.

Молдованын Президенти Игорь Додон дагы экономикалык мамилелерди активдештирүү зарыл экенин айтты.

Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча болгону 1,5 млн АКШ долларын түзүп, анча жогору эмес деңгээлде экенин баса белгиледи,

Игорь Додон Кыргызстанга расмий сапар менен келүү боюнча Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алды жана аны дагы Молдовага чакырды.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты