Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасын кароо 9-декабрга чейин узартылды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын кароо мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту чечим кабыл алганын депутат Ирина Карамушкина фейсбук баракчасында билдирди.

Буга чейин президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун да бөгөт чарасын кароо 9-декабрга чейин узартылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси («Кишилерди барымтага алууга катышуу») боюнча

Фарид Ниязовду ИИМ башкы тергөө башкармалыгы 7-августта Кой-Ташта атайын отряд жоокерлерин барымтага алуу фактысы боюнча айыпка шектүү деп тапты.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция өттү.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты