​1-октябрдан баштап пенсия көбөйөт

  • 5 лет мурун

Өкмөт эртең, 1-октябрдан, баштап пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү боюнча токтомго кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Пенсиянын өлчөмүнө жана камсыздандыруу төлөмүнүн төлөнүшүнө жараша пенсия 7 пайыздан 18 пайызга чейин көбөйөт. Камсыздандыруу бөлүгү орточо 10,4 пайыз жогорулайт.

Эсептешүүдөн кийин орточо пенсия өлчөмү 5820 сомду түзөт .

667,3 миң пенсионердин пенсиясын көбөйтүүгө 659,2 млн сом керектелет.

Эртең, 1-октябрдан, баштап пенсионерлер көбөйтүлгөн пенсия алып калышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты