​Министр АКШда жашаган мекендештерге жолукту

  • 4 года мурун

Кечээ, 29-сентябрда, Вашингтон шаарына жумушчу сапарынын алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Америка Кошмо Штаттарында жашаган мекендештер менен жолукту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Министр чогулган мекендештерге чет өлкөдөгү КР жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, Өкмөт, ТИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү жана мамлекеттик реформалар тууралуу маалымдады.
Пикир алышуу болду жана жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды.

Атап айтканда, кош жарандуулук, АКШга кирүүчү КР жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун соңунда КРнын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый-тамак жана ТИМдин 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Сүрөт: Маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты