Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолду

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору Андрей Бодин кант тармагындагы абал жана анын өнүгүшүн талкуулашты.

Разаковдун айтымында, 2018-жылы ата мекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөн болгон.

Канттын дүң баасы, сатуудан алынуучу салыкты кошкондо орто эсеп менен 34-35 сомдон бааланды.

Шекердин импорттолушу кант өндүрүшүнүн чыгашасынын 8-11% га көбөйүүсүнө алып келди.

Бул ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана аймактык баасынын төмөн болушу ишканаларга кыйынчылыкты алып келүүсүн шарттайт» деди Разаков.

Акыркы эки жылда өлкөдө кант кызылчасынын аянты 3 эсе көбөйдү, ал эми анын түшүмүн жыйноо боюнча айтсак, орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоонага чейин көбөйдү.

2016-жылдарга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында колдонулган канттын 80% импорттолуп келчү.

2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102, 2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган.

Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке түшкөн каражат 19% жогорулады же 430 млн сомду түздү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты