Жээнбеков жогорку сот төрайымы менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-сентябрда, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Анда өлкөдөгү сот системасын мындан ары жакшыртуу, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча чаралар талкууланды.

Жээнбеков калктын сот системасына болгон ишенимин бекемдөө, аброюн жакшыртуу жана коомчулук менен байланышты жөнгө салуунун өзгөчө зарылчылыгын белгиледи.

«Жүрүп жаткан реформалардын түпкү максаты өлкөдө адилеттүү жана таза сот-укуктук системаны куруу болуп саналат» деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «2019-2022-жылдарга сот тутумун өнүктүрүү» программасы жөнүндө маалымат берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты