Кыргызстандыктар Малаховдун кечирим суроосун талап кылышууда

Кыргызстандыктар «Прямой эфир» ток-шоусунун алып баруучусу Андрей Малаховдун кыргызстандыктардан кечирим сурашын талап кылышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев орусиялык алып баруучу Андрей Малахов кыргызстандыктарды басынтканын айтты. Ал бул маселеге Тышкы иштер министрлиги кийлигишип, чара көрүшү керек экенин айтып, өкмөткө тапшырма берди:

— Протоколдук тапшырма берип коёюн деп атам. Ал жерде Малахов айтып жатат, «10 долларга иштеген кыргыздар 100 миң доллар берсе бардык буюртманы аткарат» деп. Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы керек. Кыргыздарды басынтканга жол бербеш керек.

Мындан сырткары кыргызстандыктар, анын ичинде эстрада жылдыздары дагы Малаховдун кечирим суроосун талап кылышууда. Самат Дөөлөтбаков Инстаграм социалдык тармагына төмөнкүдөй билдирүүсүн калтырган:

Андрей Малахов алып барган «Россия 1» телеканалынын 24-сентябрдагы «Прямой эфир» телеберүүсүндө, Москвада такси айдап иштеп жүрүп жол кырсыгына кириптер болгон 23 жаштагы Исламбек Акбаровдун аракеттерине баа берип, аны кылмыш кылды деп айыптаган пикирлер айтылган.

«Бир кепеде бештен жатып, он доллардан айлык алган, кишинин галстукчан адвокаты бар. «Ал мурдун тарта албаган неме эки ай мурун эле такси айдоого киришкен». «Мындайларга 100 миң доллар берип койсоң, бүт үй-бүлөсүн, бүт айылды, бүт туугандарын багат, мындай акчаны өмүрүнүн аягына чейин таба албайт» деп, алдын-ала эле ал жол кырсыгын акча үчүн атайын жасады деген кине койгон жана келекелеген.

Эскерте кетсек, орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун жана анын мурдагы жубайы Татьяна Маругованын уулу Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатканда автоунаасы менен алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Кагылышуудан улам орус жараны Александр Маругов катуу жаракат алып, мерт болгон.

Буга байланыштуу алып баруучу Андрей Малаховдун айткандарына кыргызстандык Интернет колдонуучулар нааразы болуп, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты