Жээнбеков: «Эгер бийлик бирди айтып, башканы жасап жаткан болсо, эл муну көрүп турат»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарын жыйынтыктады .

Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушууну жыйынтыктап жатып, мамлекет башчы ачык жана мазмундуу баарлашуу болгонун белгиледи.

«Ар кандай мүнөздөгү суроолор ачык берилди. Бул элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшө турчу коомубуздун ачыктыгын көрсөтүп турат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик жана эл биргеликте иштегенде гана жетишкендиктер болоорун белгиледи.

«Эгерде бийлик бирди айтып, башканы жасап жаткан болсо, эл муну көрүп турат. Менин башкы максатым — таза иштеп, эл арасында жүзүм жарык болуу», — деп баса белгиледи Президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты